Биз менен байланышыңыз

Ветеринардык кызмат текшерүүнү жандантып, дээрлик жарым млн сомдук айып салды

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 366 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

«Ишкердик субъектилерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилип, тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча 2024-жылдын 1-июлунан тарта пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин мораторийге байланыштуу быйылкы жылдын 6 ай аралыгында текшерүүлөр болгон эмес.

Бүгүнкү күндө 1290 субьектиге текшерүү жүргүзүүгө макулдашылып, жыйынтыгында пландык жана плансыз текшерүүлөр менен ветеринардык санитардык талаптарды аткарбаган субьектилерге 456 миң 500 сом айыппул салынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM