ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен Анкаранын BENGÜ басмасы тарабынан “Казыбек казалчы” китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу жазуучу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтуусунда, «Казыбек казалчы» китебин Токтобек Асаналиев түзгөн, түрк тилине Мээрим Сайдилкан, Сабырбек Бөрүбай, Айканыш Адилова, Анар Мамбетисаева которгон.
“Кумдан алтын күкүм жыйнагандай Казыбек казалчынын мурасын жыйнап, опол тоодой иш кылган, эң оболу кыргызча чыгарып элге жайылткан Токтобек Асаналиевге да алкыштар болсун! Токо, залкардын урпагы катары улуу иш кылдың. Бул китепти которууга чоң салым кошкон Мээрим Сейдилкандын котормочулар тобуна ыраазычылык” , — деди ал.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылына караштуу Келтебек деген бөксө туулган.
Совет бийлигинин бай, манаптарды кулакка тартмай саясаты жүрүп жатканда Казыбек да «кулактын баласы аталып, ата-энеси менен кырк төрт манапка кошулуп, алыскы Орунбоор калаасына айдалганы айтылат.
Казыбек 1931-жылы Орунбоор камагынан бошонуп, Ат-Башыга кайтып келген. Ал убакта эл менен кошулуп Кытайга качып өтүшкөн.
1934-жылы тууган жерге кайрылып өтмөкчү болгондо Каракол сыртындагы чек арачылардын колуна түшүп калат да, суракка алынат.
Ага атуу өкүмү чыгарылгандан туура эки ай өткөн соң СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы мурдакы өкүмдү бузуп, (мунун себептери да белгисиз) он жыл түрмөгө кескен.
Казыбек ыр менен арыз жазып, Сталиндин өзүнө кайрылыптыр, ал арызды өзү менен кошо камакта отурган, мурда райкомдо идеология боюнча катчы болуп иштеген Карабеков деген жигит которуп, эптеп жолун таап жөнөтүп жиберишкен. Бирок ал арыз тиешелүү кишиге жетип, “бошотулсун” деген жооп келгиче Казыбек казалчы көз жумган экен.
Казыбектин өлүмү тууралуу эл арасында эки ача пикир айтылат. Анын бири Казыбектин казалдарын далай жыл эл оозунан жыйнап, кагазга түшүрүп келген Болотбек Исабековго таандык. Ал кишинин айтымында Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен бошоп келатып, Өзгөндүн Мырза-Акесине келгенде каза табат.
Ал эми убагында Казыбек менен камакта чогуу отурган, азыр Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жашаган эмгек ветераны Макеев Төлөмүш аны оорудан каза болгон деп айтканы бар.
Казыбек жаш кезинен эле жамактатып ыр чыгарып, акын катары эрте таанылган. Анын ырларына Советтер Союзу маалында тыюу салынган. Ага карабай ырлары эл арасына кеңири таанылып, ооздон-оозго өтүп айтылып келген. Анын чыгармачылыгын иликтеген бир катар окумуштуулар Казыбекти Токтогул Сатылганов, Жеңижок Көкө уулунан кем калбаган залкар акын болгонун белгилешет.