Биз менен байланышыңыз

Бийик тоолордогу көлдөрдүн жырылып кетүү кооптуулугу боюнча изилдөө жүргүзүлдү

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 182 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жыл сайын 20-июлдан 15-августка чейин бийик тоолордогу көлдөрдүн жырылып кетүү кооптуулугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Министрлик билдиргендей, бийик тоолуу көлдөрдүн жогоркуу деңгээлдеги жырылуусу көп учурда кыйратуучу селдердин пайда болушуна алып келет. Бирок мындай сел өлкөдө катталган бардык селдин бир пайызынан азын түзөт. Бийик тоолуу көлдөргө климаттын өзгөрүшү жана мөңгүнүн деградациясы белгилүү бир таасирин тийгизет.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти тарабынан космостук сүрөттөр, аралыктан зонддоо жана Кыргызгидромет кызматынын гидрометеорологиялык маалыматтары да талданып, анализденип көлдөргө баа берилет.

Андан соң калктуу конуштарга жана инфраструктурага зыян келтирүү коркунучу бар эң кооптуу көлдөр тандалып, бул көлдөрдө дрон аппараттарынын жардамы менен изилдөө жүргүзүлүп, негизги параметрлери өлчөнөт. Алсак, көлдүн тереңдиги, суунун температурасы, көлөмү изилденет. Көлдүн көлөмүн баалаган адистер адистештирилген атайын программалардын жардамы менен көлдүн жырылуу мүмкүндүгүн анализдешет.

Кырсык болушу мүмкүн болгон аймакты баалап, ал жерде ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Бийик тоолуу көлдөрдө табигый  тосмолордун туруксуздугун шарттаган негизги факторлор бар. Алсак, мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши, агын суулардын ачылышы (жабылышы), абанын, суунун адаттан тыш жогорку температурасы жана анын натыйжасында мөңгү ичиндеги агын каналдардын ачылышы, мөңгүлөрдүн агымынын көбөйүшү, жылуу жамгырдын жаашы жана нөлдү көрсөткөн изотерма себеп болот.

Июль айынын акыркы он күнүндө күтүлүп жаткан температуранын жогорулашын эске алып, I, II деңгээлдеги кооптуу категориядагы бардык көлдөргө туруктуу спутниктик мониторинг жүргүзүлдү.

Ал эми жумушчу топтордун изилдөөлөрүнүн, жер үстүндөгү мониторингдөө маалыматтарынын, анализдердин негизинде аныкталган тоо көлдөрүнүн жарылуусу сел каптоолорго алып келген эмес.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жырылуу коркунучу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү иштери август айынын үчүнчү он күндүгүнө чейин улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM