Биз менен байланышыңыз

Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41 пайызы жыйналды

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 167 | 0

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Жалпы республика боюнча дан эгиндерин оруп жыюуда 886 комбайн иштеп жатат. Мындай маалыматты Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кылкандуу дан эгиндеринин 203,1 миң га, же 41,5 % жыйналып алынып, орточо түшүмдүүлүгү — 28,6 ц/га түздү. Бул өткөн жылдан 13,6 центнерге көп.

Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 581,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 279 миң тоннага көп топтолду.

Буудай жыйноо иштери 101,9 миң га аянтта жүргүзүлүп, 42,2 пайызы жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 30,5 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 12,5 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында 33,5-35,0 ц/га болууда.

Арпа 101,2 миң га аянтта жыйналды, бул жалпы аянттын 40,6 % түзөт. Өткөн жылга салыштырганда 1,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк — 26,8 ц/га түзүп, өткөн жылдан 16,3 ц/га көп. Дүң түшүм – 270,7 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 120,7 миң тоннага көп болду.

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

Картошканын түшүмүн да жыйноо кызуу жүрүп жатат. Жалпы 66,4 миң га аянттын – 6,4 миң га же 9,7 % казылып алынып, орто түшүмдүүлүк-166,3 ц/га түздү, өткөн жылдан 4,8 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 106,9 миң тоннаны түздү.

Ал эми Чүй облусунун картөшкө өстүргөн дыйкандары гектарынан 183 центнерден түшүм алышууда.

Быйылкы жылы жашылча өндүрүүчүлөр жакшы жыйынтыктарга  жетишип, дүң жыйымы — 292,2 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга карата 39,5 миң тоннага көп жыйналды.

Ошондой эле, бахча өстүрүүчүлөр да анын дүң жыйымын – 126,9 миң тонна, же өткөн жылдан 29,0 миң тоннага көп жыйналды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM