Биз менен байланышыңыз

Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 94 пайызы оруп жыйналды

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 124 | 0

Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, өлкө боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 152,4 миң гектар, башкача айтканда, 94,7 пайызы жыйналды.

Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 29,2 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,5 центнерге көп болду. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 175 миң тоннага көп топтолду.

Буудай жыйноо иштери 73,2 миң га аянтта жүргүзүлдү. Орточо түшүмдүүлүгү 31,3 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,2 ц/га көп.

Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Баткен облустарында 34,5-35,3 ц/га болууда.

Ал эми арпа республика боюнча 79,2 миң га аянтта жыйналды. Өткөн жылга салыштырганда 2 миң га көп болду.

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

Ошондой эле, учурда жашылча-бахча өсүмдүктөрү жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM