Автоунаага газ баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан эмес, жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө берилет.
Буга чейин борбордук аппаратында берилип келген.
Газ баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.
-алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз.
-паспорттун көчүрмөсү.
-транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, техникалык күбөлүк).
-транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат).
-кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоор (чийме).
Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү докумменттер керектелет:
— эксперттик комиссиянын корутундусу, конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы, коопсуздугу жөнүндө сертификат, техникалык кароонун диагностикалык картасы.