Чүй облусунун Жайыл районунда 21-июль күнү алдын ала маалымат боюнча, Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан 1981-жылы туулган С.М. аттуу адам түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 22-июль күнү издөө иштерин улантууга тартылган. Анын натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.