Биз менен байланышыңыз

Таиланд: Кыргызстандык жаш балбандар Азия чемпионатында 6 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 22 Июл 2024 | 357 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Таиландда өтүп жаткан Азия чемпионатында 6 медаль утушту. Анын үчү күмүш, дагы үчөө коло.

Нуристан Сүйөркулов (60 кг), Кутман Темирбеков (72 кг) жана Эрлан Марс уулу (77 кг) күмүш медаль утушту.

Ынтымак Өмүр уулу (55 кг), Сабит Шемшединов (63 кг) жана Артык Алымбек уулу (87 кг) 3-орунду ээлешти.

Кыргызстан жалпы командалык эсеп боюнча  3-орунду камсыз кылды. Курама  команда улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM