Биз менен байланышыңыз

XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына аз гана күн калды

Кыска кабар , Спорт | 21 Июл 2024 | 523 | 0

Беш күндөн соң XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында башталат. Кыргызстандын намысын жалпысынан 16 спортчу коргойт. Буга чейин Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудов болоору белгилүү болгон. 26-июлда башталган Олимпиада оюндары  11-августка чейин уланат.

Олимпиада оюндарынын тарыхында үчүнчү ирет оюндарды өткөргөн Лондон шаарынан кийин бул тизмеге Париж шаары дагы кошулмакчы.  Франциянын тарыхында Олимпиада оюндары алгач 1900-жылы жана мындан жүз жыл мурун 1924-жылы өткөн. Учурда Париж шаарында Олимпиада оюндарына даярдыктар дээрлик аяктап калды.

Жылдан жылга спортчулар арасында атаандаштык күчөп, алар койгон рекорддор дагы жаңыланып келет. Париж Олимпиадасынын соңунда кийинки эстафета АКШга өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM