Беш күндөн соң XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында башталат. Кыргызстандын намысын жалпысынан 16 спортчу коргойт. Буга чейин Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудов болоору белгилүү болгон. 26-июлда башталган Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат.
Олимпиада оюндарынын тарыхында үчүнчү ирет оюндарды өткөргөн Лондон шаарынан кийин бул тизмеге Париж шаары дагы кошулмакчы. Франциянын тарыхында Олимпиада оюндары алгач 1900-жылы жана мындан жүз жыл мурун 1924-жылы өткөн. Учурда Париж шаарында Олимпиада оюндарына даярдыктар дээрлик аяктап калды.
Жылдан жылга спортчулар арасында атаандаштык күчөп, алар койгон рекорддор дагы жаңыланып келет. Париж Олимпиадасынын соңунда кийинки эстафета АКШга өтөт.