Connect with us

Өзбекстанда кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

Кыска кабар | 20 Июл 2024 | 236 | 0

19-июлда Ташкент шаарындагы Панорама кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрү “Дарак ыры” мюзкли менен ачылды.

Иш — чара Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстандын Маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджихановдун жана эки өлкөнүн кино ишмерлери жана Ташкент шаарынын тургундарынын катышуусунда өттү.

Ачылыш салтанатта кино тармагындагы эки тараптуу калыпка салынып калган байланыштар айтылып, келечектеги долбоорлор жана кино тартуудагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Эске салсак, эки күнгө созулган кино күндөрүндө Ташкент шаарынын тургундары кыргыздын ар түрдүү жанрдагы дүйнөлүк кинофестивалдарда алдынкы орундарды багындырган 3 тасманы көрө алат.

Программа:

19-июль

19:00 – “Панорама” кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы жана “Дарак ыры” (Реж. А. Дайырбеков) тасмасы көрсөтүлөт.

20-июль

17:00 – “Панорама” кинотеатры “Белек ”(реж. Д. Тилепберген) тасмасы;

19:00 — “Панорама” кинотеатры “Теңирберди” (реж. А. Жураева) тасмасы.

Тасмалар кыргыз тилинде көрсөтүлүп, орус тилинде субтитр менен коштолот.

Тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM