Биз менен байланышыңыз

Бангладеште студенттердин нааразылык акциясы учурунда 30дан ашык киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 446 | 0

Бангладештин борбору Дакка шаарында нааразылык акциясына чыккан студенттер менен полиция кызматкерлеринин кагылышуусунда ондогон киши өлүп, жүздөгөн адам жараат алды.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, башаламандыктар учурунда мамлекеттик BTV телеканалынын имараты өрттөндү. Өлкө бийлиги имаратты нааразылыкка чыккан студенттер өрттөгөнүн билдирди.

Телеканалдын Фейсбуктагы расмий баракчасына имараттын ичинде адамдар кармалып турганы жана алар сыртка чыга албай жатканы тууралуу билдирүү жарыяланды. BTV каналынын жетекчилиги жардам сурап, өрт өчүрүү кызматына кайрылган.

Бангладештин маалымат министри телеканалдын эфири токтотулуп, кызматкерлеринин көбү имараттан чыгарылганын билдирди.

AFP агенттиги нааразылык акциянын жүрүшүндө 32 киши каза тапканын кабарлады. Алардын 25и 18-июль күнү өлсө, калгандары ушул аптанын ичинде каза болушкан.

Студенттер 1971-жылдагы Пакистандан көз карандысыздык алуу үчүн жүргөн согуштун ардагерлеринин жакындарына мамлекеттик кызматтардын үчтөн бирин берүүнү кепилдеген системаны өзгөртүүнү талап кылып көчөгө чыгышкан.

18-июль күнү бийлик акциянын башка аймактарга жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн өлкө боюнча мобилдик интернетти өчүргөн. Полиция студенттерге каршы көздөн жаш агызчу газдарды жана желим окторду колдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM