18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 19-июлга караган түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл блусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27.
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.