Чүйдүн Кемин районунда жайгашкан 1 млрд 782 млн сомдук кен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин (карьерлерди) мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча аталган кендин базар баасы 1 млрд 782 млн 656 миң сомду түзөт.
Аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Боорду» ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделген эмес.
Учурда аталган кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.