Биз менен байланышыңыз

Президент Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен кетти

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 190 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Мамлекет башчы Өзбекстанда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи өтөт.

Мындан тышкары, кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт.

Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамында министрлер кабинетинин дээрлик бардык мүчөсү бар:

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев,

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев,

билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева,

жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев,

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов,

саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев,

транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев,

экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев,

эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова,

энергетика министри Таалайбек Ибраев,

юстиция министри Аяз Баетов,

Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов,

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурлан Орунтаев,

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев,

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов,

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,

Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев,

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов,

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев,

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев,

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев,

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков,

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM