Биз менен байланышыңыз

«Дордой» базарынын жумушчулары акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алат

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 188 | 0

Бишкектеги «Дордой» базарында калкка убактылуу акысыз медициналык кызмат көрсөткөн эки мобилдүү клиника иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Базардын жумушчулары менен базарга келген адамдар гепатит жана башка ооруларга 15-июлдан 19-июлга чейин текшерилсе болот.

Мобилдик клиникалар жалпы практикалык врачтын жана акушер-гинекологдун консультациясын ала алат.

— АИВке, В жана С вирустук гепатиттерине, сифилиске тестирлөө;

— ички органдардын УЗИсине;

— ВСВ, ВГВ, сифилис, АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштери;

— ошондой эле вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат.

Мобилдик клиникалар саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт.

Көчмө клиникада дарыгерлер күнүнө 80ге жакын адамды кабыл ала алат.

“Дордой” базарындагы иштер аяктагандан кийин мобилдик клиникалар бекитилген график боюнча Сокулук районунун Шопоков шаарына барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM