Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров алтындын баасы жогорулаганын билдирди

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 161 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алтындын баасы кымбаттаганын билдирди. Ал Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында алтындын баасы дагы бир дүйнөлүк рекорд коюп, бир троя унциясы 2480 долларга жеткенин айтты.

Жапаров муну менен мурда анча рентабелдүү болбогон көптөгөн алтын кендерди иштетүү үчүн позитивдүү чөйрө түзүлүп жатканын белгиледи.

Жыл башынан бери баа 21%дан ашык өскөнүн, эл аралык аналитиктер алтынга суроо-талаптын мындан ары да өсүшүн күтүп жатканын кошумчалады.

«Бирок эң негизгиси алтындын баасынын жогорулашы Кумтөрдөгү өндүрүштүн төмөндөшүнүн таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет. Биз жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпин күчөтүп, капиталдык салымдарды көбөйтүшүбүз керек, ири эл аралык долбоорлордо болобу, орто биргелешкен долбоорлордо болобу, келип жаткан чет элдик инвестицияларды жигердүү өздөштүрүшүбүз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM