Биз менен байланышыңыз

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышат. Тизме

Кыска кабар , Спорт | 17 Июл 2024 | 716 | 0
Эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Быйыл жайында Парижде өтө турган Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Алар спорттук күрөштүн түрлөрү: грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү, жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо.

Спортчулардын тизмеси:

Жоламан Шаршенбеков — Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Дүйнөнүн эки жолку (2022-2023 ж.ж. Сербия, Белград) Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).

Амантур Исмаилов — Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Акжол Махмудов — Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнөнүн эки жолку (2022-2023-жж. Сербия, Белград), Азиянын үч жолку чемпиону (2018, 2022,2023). Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медаль ээси. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону.

Үзүр Жусупбеков – 2016-жылы 120 кг чейинки салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. 2019-жылы Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болгон.

Бекзат Алмаз уулу – 2022-жылы Кыргызстанды эл аралык аренада чоңдор арасында тааныта баштаган жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү болгон. 2023-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталган.

Эрназар Акматалиев — Эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2021-жылы Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси, 2022-жылы Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында коло байге жеңген. Ошол эле жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында күмүш байгеге татыган. Мындан сырткары, бир нече жолу Кыргызстандын чемпиону аталган.

Айаал Лазарев –Эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону жана Дүйнөлүк Кубоктун ээси. Олимпиада оюндарынын катышуучусу (Рио — 2016, Токио — 2020). Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери.  Азиянын чемпиону — Азия чемпионатынын коло медалынын ээси – Кыргызстандын 10 жолку чемпиону.

Айсулуу Тыныбекова — Эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал  күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үч жолу күрөшүп, үч жолу  жеңишке жеткен алгачкы балбан.

Айпери Медет кызы — Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнө кубогу (2020), Азия чемпионатынын жеңүүчүсү (2022-2024-ж.ж. ) жана Азия оюндарынын медаль ээси. Бир нече жолу эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Мээрим Жуманазарова — Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси (2020), Токиодо өткөн Олимп оюндарынын коло медаль ээси, Азиянын чемпиону (2021) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү.  Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Денис Петрашов —  2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы болуп калган. 2016-жылдын ноябрь айында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында ушул эле дисциплинанын финалдык бөлүгүнө чейин жетип, 6-орунду ээлеген. 2022-жылы августта Түркиянын Конья шаарында өткөн 2021-жылы Ислам тилектештик оюндарында үч медалга ээ болгон: 50 жана 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки коло, ошондой эле 100 метрге сүзүүдө алтын байге жеңген.

Сардана Трофимова – Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону (2015, 2018, 2019, 2020, 2021). Марафон боюнча Россия Кубогунун жеңүүчүсү (2016, 2018), Москва марафонунун жеңүүчүсү (2017, 2018, 2020). 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында марафондук чуркоодо коло медалга ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандын аялдар курама командасы анын катышуусу менен биринчи жолу жарым марафон боюнча Азия чемпиондугун жеңишкен. Ал 2022- жылдын май айында Кыргызстандын жарандыгын  алган.

Мунарбек Сейитбек уулу — 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы мушкер болгон. Мындан сырткары, Азия чемпионатында, Студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон.

Эрлан Шеров – Дзюдо боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2024-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болуп Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дзюдо боюнча байгелүү орун алган. 2022-жылкы Жайкы Азия оюндарынын чемпиону, бир нече жолу Азия чемпионатында жана башка эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.

Кубанычбек Айбек уулу – Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча спорт чебери. 2016-жылы Якутияда өткөн “Азия балдары” аттуу мелдешинде чемпион аталган. 2017-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байгенин ээси болгон.

Елизавета Печерских – Сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM