Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Ош шаарына гуманитардык жардам жиберди

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 125 | 0

Бүгүн, 16-июлда Өзбекстандын Андижан облусунан Ош шаарына селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов коштоп келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Селден жабыркаган жарандарга 200 тонналык гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөр бар.

Андижандын губернатору «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Сел  беш адамды агызып кетти.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун аймагында 7,5 миң абоненттин жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM