Connect with us

Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши канчалык кооптуу?

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июл 2024 | 2833 | 0

Адистер аба ырайы эки градуска жылыган учурда күңгөй Ала-Тоонун түштүк кырка тоо тарабында мөңгүлөрдүн аянты 76 пайызга, түндүк тарабындагы мөңгүлөр 32 пайызга азаярын, Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50 пайызга чейин жоготушу мүмкүн экендигин айтып келишет.

Соңку элүү жылда Кыргызстанда мөнгүлөрдүн аянты 17 пайызга азайганы белгилүү.

Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институтунун климат, суу жана геоэкология бөлүмүнүн башчысы, география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиев күндүн ысышынан Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө мөңгүлөрдун аянты кыскарып жатканын айтты. Бул голбалдык процесс экенин, мөнгүлөр анын ичинде Кыргызстанда да азайып жатканын билдирди.

“Климат бир ордунда турбайт, бизге чейин кылымдар бою өзгөрүп келген. Биз азыр кичи мөңгүлөрдүн доорунда жашап жатабыз. Бүгүнкү мөңгүлөр xv кылымдан бери кыскарып, азыркы абалга келди”.

Айрым экологдор Кыргызстанда мөңгүлөр 17 пайызга чейин кыскарды дешсе, кээ бир активисттер 30 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтып келишет. Сиздердин изилдөөлөргө ылайык мөңгүлөр канча пайызга азайды?

“Негизинен өлкө аймагында алгачкы изилдөөлөр 1960-1970-жылдары башталган андан мурун дагы аэро фото съёмкалар болгон экен. Биз ошол мезгилдеги мөңгүлөрдүн аянтына таянып, салыштырмалуу эсептөөлөрдү жүргүздүк. Ошонун негизинде 2013-жылы жалпы мөңгүлөрдүн аянты 17 пайызга кыскарды деген тыянакка келгенбиз. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардын тартып мөңгүлөргө эч көңүл бурган эмес. Мөңгүлөрдү толук изилдөө абдан түйшүктү анан чоң каражатты жана мыкты кадрларды талап кылат. Биздин изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эң көп мөңүлөрдүн азайышы Талас дарыясына ээрип түшкөн мөңгүлөрдө байкалган. Кыргызстандын ар кайсы регионунда ар башкача көрсөткүч байкалды. Мисалы: Сары-Жазда, Чаткалда, Фергана кырка тоолорунда мөңгүлөрдүн ээриши азыраак”.

1960-жылдардагы изилдөөлөргө ылайык Кыргызстандын аймагында мөңгүлөрдүн аянты 8100 чарчы километрди түзгөнү, Кыргызстандын аймагынын 4 пайызын мөңгүлөр ээлегени белгилүү болгон. Ортодо 50 жылдык айырмадан кийин кайрадан изилдөөнүн жыйынтыгында мөңгүлөр канча аянтка кыскарды?

“50 жылдан кийинки кайра жарыяланган каталогго ылайык Кыргызстандын аймагында мөңгүлөр 0,4 пайызга кыскарып, учурда өлкөнүн аймагынын 3,6 пайызын мөңгүлөр ээлейт. Ар бир региондогу белгилүү мөңгүлөрдүн массалык балансына бир нече жылдан бери байкоо жүргүзүп келебиз. Жылына канча кар жаап, мөңгүнүн көлөмү чоңойгонун же канча метрге төмөндөгөнүнө мониторинг жүргүзүүдөбүз, тилекке каршы өткөн кылымдын 75 жылдарынан тартып көпчүлүк мөңгүлөрдүн кичирейгени байкалууда”.

Мөңгүлөрдүн ээришинин негизги себептери эмнелер?

“Эң негизги себеби албетте абанын температурасынын жогору болушу. Мөңгүлөр жай мезгилинде ээрийт. Акыркы убактарда күндүн жылуу болушунан мөңгүлөр май айында эле ээрип баштап, сентябрь айынын ортосуна чейин уланууда. Тоңдордун ээриши климаттын өзгөрүшүнүн кесепети. Мындан тышкары климаттын өзгөрүүсүнөн аба ырайы жылып, абага бөлүнүп чыккан уулуу газдардын дагы таасири чоң. Эң негизгиси биз Париж макулдашууларына ылайык, дүйнө коомчулугу менен биргеликте, абага зыяндуу газдарды чыгарууну азайтышыбыз керек”.

Климаттын өзгөрүшүн токтотууга адам баласынын алы жетеби? Же болбосо жаратылыштын эволюциясы деп түшүнүү керекпи?

“Кээ бир окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү адамдардын кесепетинен болуп жатат деген чечимге келишкен. Экинчи топтогу окумуштуулар табигый эволюция деген тыянакка келишкен, ал эми үчүнчү топтогу окумуштуулар жаратылышта болуп жаткан табигый кубулушту адам баласы күчөтүп жатат деген пикирди карманышат. Мен ушул үчүнчү топтогу окумуштууларды жактайм. Анкени индустриялык өнөр жай революцисынын кесепеттери климатка кандай таасирин тийгизип жатканын байкоодобуз”.

Бириккен Улуттар Уюмнунун 2050-жылга алдын ала жүргүзгөн божомолуна ылайык Борбор Азия чөлкөмүндө 5 миллион тургун жер которууга аргасыз болот, кургакчылыктан суу талашы жаралып, Борбор Азияда куралдуу кагылыш чыгуу коркунучу канчалык?

“Суу жаан-чачындан, кардан көбүнчө пайда болот. Алдыдагы 10 жылда суу менимче жетиштүү эле. Бирок мындай маселелерди дипломатиялык жолу менен гана чечүүгө мүмкүн”.

Кыргызстандын климаты жалпысынан мелүүн алкактагы климат катары эсептелет. Кургакчылыктын күчөшү, Кыргызстанды суб тропикалык ысык өлкөгө айландыруу коркунучу канчалык?

“Кыргызстанда суб торпикалык климатка жакын аймактар бар эгер аба ырайынын ысышы, климаттын өзгөрүүсү токтобосо суб тропикалык аймактары көбөйүшү мүмкүн”.

Мөңгүлөрдү сактап калууда Кыргызстан кандай чараларды көрүшү керек?

“Мөңгүлөрдү сактоо боюнча түрдүү практикалар жасалууда ошол эле жасалма жол менен жаан жаадыруу же болбосо кадимки полиэтилен желим менен мөңгүлөрдүн үстүңкү катмарын күндөн коргоп, жаап коюу. Бул аракеттер албетте чон каражатты талап кылат. Практикалык негизде бир мөңгүнү сактап калуу үчүн жаса болот бирок бардык мөңгүлөрдү жаап чыгуу мүмкүн эмес”.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM