Биз менен байланышыңыз

ӨКМ 13-17-июлда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 250 | 0

13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү,  жана таштанды таштабоону эскертет.

Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушу керек. Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Министрлик төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, унаа жолдорго таш түшүү коркунучу бар экенин эскертти: 

Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдеши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM