Биз менен байланышыңыз

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү транспорт министринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 421 | 0

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев азыркы кызматынан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Абсаттар Сыргабаевди министр кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал эми буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп жаткан Тилек Текебаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM