Биз менен байланышыңыз

Мурдагы министр Алмаз Бейшеналиевге 1,5 млн сом айып салынганы кабарланды

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 391 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевге карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттун мындай чечими 22-апрелде чыкканы 10-июлда белгилүү болду.

Бейшеналиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, мамлекетке 1,5 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Алмаз Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында 10 миң доллар пара алууга шек саналып кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Ага чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда 110 миң доллар пара алган деген айып коюлган.

Алмаз Бейшеналиев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, күнөөсү жок экенин, жакында баары ачыкка чыгарын, акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM