Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында нөшөрлүү жаандан улам Айгүл-Таш — Согмент унаа жолунун 3-9-чакырым аралыгында, Баткен-Боз-Адыр унаа жолунда (чакырымы такталууда) сел суулары келип, жол каттамы убактылуу жабылды.
Ал эми Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш унаа (чакырым такталууда) жолуна сел суулары келип, убактылуу жол каттам токтогон.
Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Раззаков-Баткен унаа жолуна (чакырымы такталууда) сел суулары түшкөн (жол каттам бар).
Мындан сырткары, Баткен шаарынын аймагында жааган жаандан кийин келген сел суулары Чет-Булак кварталындагы сел өткөрүүчү сайында өз нугунда жүрүүдө.