Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү «Теплые ключи» санаторийи капиталдык оңдоодон өттү

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 171 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-июлда Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» санаторий-курорттук комплексине барды.

Аталган ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген.

2023-жылдын 31-январында Президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.

Санаторийде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланды. Электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген. Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулган. Ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланды. Мындан тышкары тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган.

Куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулган. Аянт көрктөндүрүлгөн.

Комплекстин экинчи бөлүгүндө 100 орундуу ресторан, бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү бар.

Мамлекет башчы ден соолукту чыңдоо комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM