Кыргызстанда 2024-жылдын январь-май айларына карата орточо айлык акы 34 миң 710 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде айтты.
Анын маалыматына караганда, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түздү.
Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.
2024-жылдын январь-апрель айларында республика боюнча орточо эмгек акы 34 миң 391 сомду түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү ушул жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 пайызга көбөйдү.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта өсүш болуп, көбөйүү 48,5% болду. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% түздү.
Январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,4% болду.
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 2024-жылдын январь-майында 6,5 млрд долларды түздү. Мында экспорт 4,8%, ал эми импорт 21,7% көбөйдү.