Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» эл аралык университети улуттук рейтингдин сап башына чыкты

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 284 | 0

“Ала-Тоо” эл аралык университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингинде 453, 58 балл менен экинчи орунду ээледи.

Бул көрсөткүч окуу жайдын көп тармактуу университет катары туруктуу лидерлигин кайрадан тастыктап, билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда талыкпаган умтулуусун көрсөтөт.

Улуттук рейтинг – окуу жай тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарына, анын окутуучуларынын кадыр-баркынын деңгээлине, программаларынын сапатына, студенттер менен окутуучулардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын толук ачуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө баа берүү.

Жогорудагы критерийлерден тышкары, окутуунун сапаты, кесиптик тармактар, кызматкерлерди жумушка алуу, окутуучулардын жаш категориялары боюнча рейтингдер жана башкалар эске алынган. “Ала-Тоо” университети билим берүүнүн сапатынын жогорку стандарттарына жооп берүү үчүн бул критерийлерди жакшыртууда талыкпай иштейт.

Ошондой эле, көрүнүктүү илимий жетишкендиктеринин бири университеттин Eurasian Journal of Business and Economics (EJBE) журналы аннотациялары жана цитаталары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы маалымат базаларынын бири болгон Scopusка официалдуу түрдө киргизилди.

Бул жетишкендик университеттин гана эмес, Кыргызстандын дүйнөлүк илимий коомчулукта таанылуусун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM