Кыргызгидромет билдиргендей, 11-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот.