Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 253 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Кытайдын төрагасынын урматына аба портунда ардактуу кароол түзүлдү. Казакстан менен Кытай элдеринин чын ыкластуу достугунун белгиси катары Цзиньпинди жана расмий делегациянын мүчөлөрүн эки өлкөнүн желектерин көтөргөн балдар кытай тилинде ыр ырдап тосуп алышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана бир катар маанилүү документтерге кол коюу пландалууда.

Кытай лидери Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына да катышат. Ал 3-июлда болот.

Си Цзиньпин Казакстанга президент Токаевдин чакыруусу менен келди. Бул Кытай лидеринин Казакстанга бешинчи сапары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM