Биз менен байланышыңыз

Шенген визасы үчүн документтерди кабыл алуу июлда башталат

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 104 | 0

Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 1-июлдан баштап Швецияга «С» категориясындагы кыска мөөнөттүү Шенген визасын алуу үчүн документтер кабыл алына баштайт.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Визалык документтер, Бишкектеги VFS Global визалык борбору аркылуу пландалган сапарга чейин кеминде 15 күн жана эң көп дегенде 6 ай мурун берилиши абзел.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеден өтүү керек: https://bishkek.mfa.gov.hu/rus

Министрлик 11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулаганын буга чейин кабарлаган.

Виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки виза үчүн кайрылгандардан консулдук жыйым 45 евро түзөт.

Шенген мейкиндигиндеги дагы бир жаңылык бул аймакка Болгария менен Румыниянын жарым-жартылай кошулушу. 2024-жылдын 1-апрелинен тарта Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM