Биз менен байланышыңыз

Гүлшат Асылбаева «Достук» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 427 | 0
Экс-депутат, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Гүлшат Асылбаева

Кыргызстандагы элдин достугун, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Алардын бири мурдагы депутат, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Кыргызстан казактарынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин башчысы Гүлшат Асылбаева. Ал “Достук” ордени менен сыйланды.

Мындан тышкары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын тажиктеринин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти Равшанбек Сабиров “Даңк” медалы менен сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамын жазуучу, Өзбек улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары Бегижан Ахмедов алды.

Ошондой эле Ассамблеянын бир катар мүчөлөрү Ардак грамота менен сыйланышты.

24-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элинин ассамблеясынын 30 жылдык мааракеси белгиленди.

Гүлшат Асылбаева 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал коомчулукта чуу жараткан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын авторлорунун бири болгон.

2023-жылдын сентябрынан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM