Биз менен байланышыңыз

Путин менен Ким Чен Ын «агрессия болгон учурда өз ара жардам көрсөтүү» тууралуу макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 701 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-июнда Түндүк Кореяда мамлекеттик сапары менен болду. Маалыматтарга караганда, жалпысынан Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын он сааттан ашык сүйлөшкөн.

Путин Түндүк Кореяга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, алгач Пхеньяндагы боштондук монументине гүл койду. Андан кийин Пхеньяндын Ким Ир Сен атындагы борбордук аянтында аскердик жүрүш жана шаар тургундарынын катышуусунда майрамдык маанайга күбө болду. Борбордун көчөлөрүнө Путиндин сүрөтү жана Орусиянын желектери илинген.

Эки лидердин делегациялардын курамында сүйлөшүүлөрү Кумсусан резиденциясында өттү. Жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимдер түзүлдү. Эки өкөнүн ортосунда түзүлгөн негизги келишим үчүнчү тараптан агрессия жаралган маалда эки өлкө бири-бирине аскердик колдоо көрсөтөөрү макулдашылды.

Путин Пхеньян менен Москванын ортосундагы кызматташтык тең укуктуулук жана эки мамлекеттин кызыкчылыктарын өз ара урматтоо принциптерине негизделгенин белгиледи. Мындан тышкары Түндүк Кореяга орус-украин согушунда Орусияны колдогон жакын тарапташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле кесиптешин Орусиянын борборуна келип кетүүгө чакырды.

Ким Чен Ын Путиндин билдирүүсүн кайталап, эки өлкөнүн ортосундагы алака тереңдеп баратканын айтты. Мындан тышкары АКШ менен Батыш «империалистик жана гегемондук» саясат жүргүзүп ,Украинаны колдоп жатканын билдирди.

Визиттин соңунда Пхеньяндын миңдеген тургундары Путин менен коштошууга чыгышып, гүл, желектер жана шарларды кармап, көпчүлүгү орус тилинде “Достук жана биримдик” деген жазуусу бар баннерлер менен узатышты.

Ал арада Түндүкатлантикалык альянстын баш катчысы Иенс Столтенберг «Путиндин Түндүк Кореяга жасаган сапары Орусиянын Тундүк корея, Кытай, Иран сыяктуу авторитардык өлкөлөр менен алакасынын жакшы экендигин далили деп билдирди. «Европада болуп жаткан иштердин таасири Азияга, ал эми Азия аймагында болуп жаткан иштердин таасири бизге дагы тиет» , — деп белгиледи.

Владимир Путин Түндүк Кореяга мындан 24 жыл мурун барган. Анда өлкөнүн ошол кездеги президенти Ким Чин Ир менен жолуккан. Түндүк Кореянын азыркы лидери Ким Чын Ын менен алгач Орусия аймагында 2019-жылы жана 2023-жылы жолугушуусу өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM