Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №135 маршруттук каттамы автобуска алмашат

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 165 | 0

Бүгүн, 20-июндан тарта №135 автобус каттамы иштеп баштайт. Аны «Эко пассажирские перевозки» ишканасы тейлейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин аталган каттамды «ТрансгруппКоммуникейшен» ЖЧКсы акыркы тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде тейлеп келген.

№ 135 маршруттук каттамды тейлөө учурунда жогоруда аталган ЖЧК тарабынан жүгүртмө жана иш графигинде каралган автотранспорт каражаттарынын зарыл санын камсыз кылуу жана аларга GPS-трекерлерин орнотууда эреже бузуулар байкалган. Аталган эки жагдай борбордо жүргүнчү ташууну уюштуруу эрежелеринде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш талаптардын бири.

Мындан улам, жогоруда айтылгандар негизге алынып, түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, аталган ЖЧКнын №135 каттамды тейлөө укугу токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM