Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбековдор байгелүү орундарга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2024 | 675 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан Poland Open” атуу рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду.

Спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, тилекке каршы биринчи кармашта украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешинде алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн мелдешин польшалык Якуб Антожевски аттуу спортчу менен өткөрүп, 3-орунду багындыра алды.

Ошондой эле 77 кг чейинки салмак ченинде килемге чыккан Акжол  Махмудов алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Акжол Махмудов финалда польшалык спортчу менен кез келип, анын мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Польшадагы рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдештер 24-июнда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM