Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Чоң-Алай районунда сел жүрдү

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 275 | 0

Алдын ала маалымат боюнча, 18-июнда саат 16:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, сел суулары Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылында көчөлөрдү каптады.

Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM