Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин 7 миң 138 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 51;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 56;
- унааны каттоо эрежесин бузуу — 145;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбоо — 4055;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 22;
- коопсуздук курун тагуунун эрежелерин бузуу — 1153;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 502;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1154;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 714 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.