Биз менен байланышыңыз

Нетаняху Израилдин аскердик өкмөтүн таркатты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2024 | 396 | 0

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн өзгөчө кырдаал согуш кабинетин таркатты. Ал мындай чечимди израилдик оппозициянын лидерлеринин бири Бенни Ганц өкмөттөн кеткенден кийин кабыл алган.

Нетаньяху өз чечимин 16-июнда коопсуздук маселелерине арналган өкмөт жыйынында билдирди. Ганц отставкага кете электе эле аскердик кабинет таркатылып, анын ордуна премьер-министр тар чөйрөдө министрлер менен жолугушууларды өткөрө берет деп күтүлүүдө.

Израилдин мурдагы коргоо министри жана вице-премьер-министр Бенни Ганц 2023-жылдын 7-октябрында палестиналык Хамастын Израилге чабуулунан кийин премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун аскердик кабинетинин курамына кирген. Бирок өткөн аптада ал министрлер кабинетинен кеткенин жарыялап, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган. Ал Беньямин Нетаньяхуну Газа тилкеси боюнча согуштан кийинки стратегияны сунуштай албаганы үчүн айыптап, эл алдында сынга алган.

65 жаштагы Бени Ганц премьер-министриндин орун басары, коргоо министри, юстиция министри мындан тышкары коргоо министрлигинде бир катар жогорку кызматтарды жетектеген, Израилдин көрүнүктүү аскер жетекчилеринин бири катары эсептелинет. Акыркы убактарда ал премьер-министр Бинямин Нетаняхунун жүргүзгөн саясатына бир катары сын-пикирлерди айтканы менен белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM