Биз менен байланышыңыз

Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери жарым-жартылай аяктады

Кыска кабар | 15 Июн 2024 | 173 | 0

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 15-июнда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди.

Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат.

Белгилей кетсек, аталган тилкедеги жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүрүлдү.

Эске сала кетсек, муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:

— Манас проспектиси Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
— Байтик баатыр-Абдрахманов көчөлөрү Жибек-Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
— Ахунбаев көчөсү Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
— Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
— Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM