Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот

Кыска кабар | 15 Июн 2024 | 199 | 0

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Эскиздик долбоор боюнча аянтта өзгөчө, тактап айтсак, музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар курулат.

«Аянтта учурда эски фонтандар демонтаждалып, жаңы фонтандарды орнотууга даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштары басылат», — деди Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров.

Калаа башчысынын орун басары кошумчалагандай, аянттын айланасындагы имараттар ирээтке келтирилет.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын директору Бактияр Жаманбаев билдиргендей, фонтандарды куруу иштерине керектүү айрым материалдар чет өлкөлөрдөн буйрутма менен алынып келүүдө.

Белгиленгендей, жүргүзүлүп жаткан иштер шаардыктар жана келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM