Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер буздурулууда

Кыска кабар | 15 Июн 2024 | 246 | 0

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Гурман» кафесинин уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги кошумча курулушу демонтаждалды.

Мындан тышкары, «Ориентал» жана «ГлавПивТрест» кафелеринин кожоюндары жер тилкесине курулуш иштерин жүргүзүп, пайдалангандыгы үчүн акы төлөшкөн.

Бишкек мэриясы жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

Мыйзам бузуулар аныкталса, мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мыйзамдарга ылайык чара көрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM