Биз менен байланышыңыз

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маршруту белгилүү болду

Кыска кабар | 15 Июн 2024 | 242 | 0

Министрлер кабинети «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоорун Жогорку кеңештин кароосуна алып чыкты.

Документте белгиленгендей, темир жолдун курулушу «Кашгар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Андижан» маршрутунун айкалышкан варинаты боюнча жүзөгө ашырылат.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат.

Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM