Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар текшерилет

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 279 | 0

Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, акыркы учурда Армения, Абхазия, Орусия өңдүү өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп киргизилип, бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган.

Чек арадан, бажыдын унаанын өлкөгө киргендиги катталбай, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө максатында чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Чек ара кызматы, Бажы кызматы, Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иш-мерчемдер түзүлүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чаралар жүргүзүлөрү кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM