Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы кармалды

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 190 | 0

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы системалуу түрдө акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

А.К.С. аттуу жаран Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен, ошондой эле ар кандай текшерүүлөрдү уюштурам деп коркутуп, ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон алганы аныкталды.

Мындан тышкары, ал 2023-жылы И.Н.И. аттуу  жарандын 6,4 млн сомун «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө» жана «Ош шаарынын күнүнө» карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен, алдап алган.

Анын аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 10 миллион сомго чейин зыян келтирилген. Мындан тышкары, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алган.

2024-жылдын 30-майында ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча иш козголуп, эки айга камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM