Биз менен байланышыңыз

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болду

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 110 | 0

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Байгазиев буга чейин Энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.

Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM