Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мектеп-2030» үчүнчү дүйнөлүк форуму өтүүдө

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 168 | 0

Бишкекте Ага Хан фондунун катышуусу менен «Мектеп-2030″ үчүнчү форум өтүп жатат, ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Форумга 25тен ашык өлкөдөн 200дөн ашык билим берүү тармагынын өкүлдөрү келди.

Эдил Байсалов белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Алтын казык» жаңы мамлекеттик программасы ишке кирди.

Программа билим берүү системасын трансформациялоого багытталган, ал бир нече блокторду камтыйт: мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү; 12 жылдык билим берүү системасына өтүү; STEM предметтери боюнча жаңы муундагы окуу китептерин сатып алуу.

«Бул программа жакынкы жылдарга адамдык капиталды инвестициялоо боюнча эң амбициялуу максаттарды коёт. Биздин максат – Кыргызстандын балдарына дүйнөлүк деңгээлдеги билимге жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өз дараметин толук ишке ашыруусу керек. Алар дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек» , — деди Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM