Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мектептер-2030» глобалдык форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 230 | 0

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Мектептер-2030» глобалдык форуму башталды. Форум Билим берүү жана илим министрлиги жана Ага-Хан фонду тарабынан уюштурулду.

Аталган иш-чаранын максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим берүү системасын күчтөндүрүү болуп саналат.

Форумга 35 өлкөдөн жалпы 250дөн ашык делегаттар катышууда. Анын алкагында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жарандык активисттер, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик органдардын ортосунда талкуулар жүргүзүлөт.

Глобалдык форум бардык катышуучулардын ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аянтча болмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM