Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу токтотулат

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 106 | 0

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM