Connect with us

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 148 | 0

Кыргызстандын аймагында 10-июнда саат 15:40та очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун аймагында, тагыраагы Сары-Таш айылынан түштүк-батышка карай 5 чакырым, Арча-Булак айылынан чыгышка карай 12 чакырым жана Ак-Босого айылынан түштүк-батышка карай 13 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында – 3 балл, Ак-Босого жана Арча-Булак айылдарында – 3 баллга жакын сезилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM