Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө талапка жооп бербеген онго жакын пансионаттын иши токтотулду

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 332 | 0

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгү токтотулганын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде «Золотые пески», «Дальний Кардон», «Смена», «Белек», «Взморье сити», «Асыл-Таш», «Ой-керемет», «Золотой-Требас» эс алуу жайлары, «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору, «Кооператор», «Чолпон-Ата» эс алуу үйү, «А.Чалжанов» конок үйү бар.

Маалыматка караганда, бул пансионаттар тарабынан экологиялык нормаларды бузган жагдайлар оңдолсо Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM