Биз менен байланышыңыз

Ошто түнкү клубдун күзөтчүсү жана официанты баңгизат сатууга шектелүүдө

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 453 | 0

ИИМдин түштүк аймагы боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте баңгизаттарын  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында, Ош шаарында жайгашкан «Прада» түнкү клубунда маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү каналын аныктады.

Түнкү клубда күзөт кызматкери болуп иштеген 24 жаштагы И.у.Б. гашиш жана “спайс” сыяктуу баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөндүгү такталды. Ошондой эле, анын 23 жаштагы Б.у.А. аттуу шериги аныкталып, ал официант болуп иштеп, түнкү клубда баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда айтылган эки жаран кармалып, Ош шаарындагы № 25 мекемеге киргизилди.

Азыркы учурда наркоканалга тиешеси бар башка адамдардын кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды чогултууга жана документтештирүүгө багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM